Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу “Майданды” сотко бергенин билдирүүдө


Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2014-жылдын 26-ноябрында “Майдан” гезитине “Прогресс" фондусунун жетекчиси Адил Турдукуловдун парламенттин чыгымдары тууралуу маалыматы жарыяланган. Анда Жогорку Кеңештин чыгымынын көлөмү 440 миллион доллар экендиги айтылган. Ушул эле макала өткөн жылдын декабрь айында "Алиби" гезитине чыккан.

Кожомкулов бул маалыматтар жалган экенин, парламенттин бир жылдык бюджети бул сумманын үч пайызына да жетей турганын билдирүүдө. Ал жалган маалыматты өз ишмердүүлүгүнө түздөн-түз тиешелүү деп эсептеп, "Алиби" менен "Майдан" басылмасын сотко бергенин жана бул туурасында спикердин маалыматы жоктугун билдирди.

Кожомкуловдун айтымында, ишти караган Биринчи май райондук соту үстүбүздөгү жылдын 10-мартында "Алиби" гезитине чыккан макалада айтылган дооматтарды негизсиз деп таап, Кожомкуловдун пайдасына чечим чыгарган. Ага ылайык гезит 5 миң сом доону төлөп, жалган маалымат таратканын жарыялап чыгышы керек. Чечим бир айдан кийин күчүнө кирет.

Ал эми "Майдан" гезити боюнча сот 1-апрелде болот.

“Майдан” гезитин башкы редактору Нургазы Анаркулов гезитке басылган “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу сурамжылоодо Алмаз Кожомкулов туурасында сөз болбогонун, сурамжылоого катышкандар спикердин жумушуна баа беришкенин билдирди. Башкы редактор муну спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу экенин божомолдоп жатканын белгилеген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG