Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

Улуттук оппозициялык кыймыл курултайын жылдырды


Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыровдун "Азаттыкка" айтымында, Жалал-Абад шаарында өтөөрү болжолдонуп жаткан курултай 11-апрелге которулду. Кыймыл мындай чечимди ондогон жарандар өмүрүн берген 7-апрель ыңкылабын эскерүү күнү утурлап келаткандыгын жана аба-ырайынын бузулушун эске алып чыгарды.

Кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов "Азаттыкка" мурдараак курган маегинде 31-мартта Жалал-Абад шаарында оппозиция курултайы өтөөрүн билдирип, анда саясий-экономикалык кризис,энергетикалык абал, коррупция, президентке ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө өңдүү маселелер талкууланараарын айткан. Саясатчы курултайга 10 миңдей киши катышып, алардын эки миңдейи өлкөнүн башка аймактарынан келерин да белгилеген.​ (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG