Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Түркияда электр кубаты жапырт өчтү


Стамбулдун жабылган метро станциясы. 31-март, 2015-жыл.

Стамбулдун жабылган метро станциясы. 31-март, 2015-жыл.

“Анадолу” кабар агенттиги Түркиянын электр кубатын жеткирүүчү компаниясына шилтеме жасап кабарлагандай, жарыктын жапырт өчүшү өлкөнүн 81 провинциясынын 49унда катталды.

Мындан улам ири шаарлар: Анкара менен Стамбулда метролор иштебей калды.

Азыркы авария акыркы он беш жылдагы эң ири электр кырсыгы катары айтылууда.

Түркиянын энергетика министри Танер Йылдыз билдиргендей, бийликтер учурда авариянын себептерин иликтеп жатат.

Министр энергетика түйүнүнө сырттан кибер чабуул жасалуусу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG