Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Ирактын коопсуздук күчтөрү Тикриттин борборуна жетти


Аскерий операция жүрүп жаткан Тикриттин алыстан көрүнүшү. 30-март, 2015-жыл.

Аскерий операция жүрүп жаткан Тикриттин алыстан көрүнүшү. 30-март, 2015-жыл.

Премьер-министр Хайдер ал–Абади билдиргендей, коопсуздук күчтөрү азыр шаарды толугу менен ээлөөгө аракеттенишүүдө.

Маалыматка караганда, алар шаардын батыш жана түштүк ыпталарын “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринен бошоткон соң Тикриттин борборуна жетишти.

Премьер Абадинин айтымында, армия менен полицияга абадан Ирактын жана АКШ баштаган коалициянын учактары колдоо көргөзүүдө. Алардын катарында кургактан шийит кошуундары жана суннит урууларынын согушкерлери да жүрөт.

Шийит кошуундары өткөн аптада аскерий аракеттерин токтотуп коюшкан, бирок уруш талаасына кайра кайтып келишти. Өзү Тикриттин айланасында 2-мартта башталган чабуулда эң көп сандагы аскер күчүн шийит кошуундары берди.

Бирок операция жоготуулардын көптүгүнөн жана Ирандын шийит кошуундарын колдоодогу ролу боюнча өкмөттөгү ич–ара жана АКШ расмийлери менен пикир-келишпестиктен улам жайлаган.

Мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин кичи мекени – Тикритти “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери былтыр июнда басып алган болчу. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG