Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Ошто бала бакча жетекчиси текшерүүлөр боюнча министрге даттанды


Ош шаарындагы №13 балдар бакчасынын жетекчиси Рахима Матраим кызы билим берүү жана илим министри Элвира Сариева менен жолугушкан учурда бала бакчаларга текшерүүлөр көп болуп жатканын айтты. Жумуш менен эмес, текшерүүчүлөр менен көбүрөөк алек болуп калышканын билдирген жетекчи маселени карап берүүнү министрден суранды.

Элвира Сариева мындан кабардар экенин белгилеп, аны башка министрликтер менен кеңешип чечүүгө убада берди.

Сариева 31-март күнү Ош шаарындагы билим берүү мекемелерине барып, окутуучу жана тарбиячылар менен бейформал жолугушууларды өткөргөн. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG