Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:15

Маматалиев: Террордук топторго аралашкан 500дөн ашуун жаран бар


Абдрахман Маматалиев

Абдрахман Маматалиев

Күч органдары жүргүзгөн иликтөө иштеринин алкагында өткөн жылы Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик топтор менен байланышы бар 531 жаран аныкталган. Арасында чет элдиктер да бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев 31-март күнү Нарында тартип коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинде айтты.

Жыйын мамлекеттеги диний радикалдашууну алдын алууга жана коомдук-саясий абалды стабилдүү сактоого арналган.

Күч органдары бул жаатта 145 кылмыш ишин козгогон. Издөөдөгү кишилердин 141инин тек жайы аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 300дөн ашты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG