Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Түркияда барымтага алынган прокурор куткаруу учурунда мерт кетти


Прокурорду барымтага алгандар анын башына тапанча такап, сүрөттү интернетке чыгарышкан. 31-март, 2015-жыл.
Прокурорду барымтага алгандар анын башына тапанча такап, сүрөттү интернетке чыгарышкан. 31-март, 2015-жыл.

Стамбул шаарынын башкы прокурору Мехмет Селим Кираз аны барымтага алгандар менен өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы атышууда мерт кетти. Прокурорду барымтага алган эки киши да жок кылынганын президент Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, кылмышкерлер Кираздын башына аткан. Ал ооруканага жеткирилген, бирок доктурлар өмүрүн сактап кала алган эмес.

Түркиядагы солчул Эл эркиндиги революциячыл кыймылы прокурорду 31-март күнү барымтага алган. Ал 2013-жылы өкмөткө каршы акциялар учурунда полиция аткан газ чачыратуучу каражат башына тийип мерт кеткен 15 жаштагы Беркин Элвандын ишин карап жаткан эле.

Киразды барымтага алгандар анын башына курал такап түшкөн сүрөттү интернетке чыгарган. Алар Элванды аткан полицияны жоопко тартып, өкмөткө каршы акцияга чыккандарды актоо талабын коюп жатышкан болчу.

АКШ, Европа биримдиги жана Түркия солчул Эл эркиндиги революциячыл кыймылын террордук уюмдардын тизмесине киргизген. (SE)

XS
SM
MD
LG