Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

УОК курултай өткөрүү тууралуу обладминистрацияга маалымдама берди


Улуттук оппозициялык кыймыл курултай өткөрүү тууралуу Жалал-Абад облустук администрациясына маалымдама берди. Курултай 11-апрелде Жалал-Абад шаарындагы ат майданында уюштурулат. Оппозиция өкүлдөрү буга чейин 31-мартка белгиленген курултайды ондогон жарандар өмүрүн берген 7-апрель ыңкылабын эскерүү күнү утурлап келаткандыгына байланыштуу 11-мартка жылдырган болчу.

Курултайда саясий-экономикалык кризис, энергетикалык абал, коррупция, президентке ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө өңдүү маселелер талкууланары күтүлүүдө. Бул туурасында “Азаттыкка” УОКтун мүчөсү Бектур Асанов билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG