Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү улантылат


Лозаннадагы сүйлөшүүдөн бир көз ирмем. Ирандын атомдук энергия комитетинин башчысы Али Акбер Салех (ортодо) танаписке баратат. 31-март, 2015

Лозаннадагы сүйлөшүүдөн бир көз ирмем. Ирандын атомдук энергия комитетинин башчысы Али Акбер Салех (ортодо) танаписке баратат. 31-март, 2015

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 1-апрелде Лозаннада улантылат. Дүйнөнүн ири алты өлкөсү жана Ирандын тышкы иштер министрлери мурда макулдашылган мөөнөттө - түн ортосунда келишимдин негизи боюнча бир бүтүмгө келе албай, сүйлөшүүнү токтотушкан.

Андан чыккан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кабарчыларга келишимдин негизги аспекттери макулдашылды деп билдирди:

"Бир нерсени ишенимдүү айта алам: кортунду келишимдин бардык негизги аспектери боюнча минстрлер деңгээлинде башкы келишим макулдашылды. Ал келерки сааттарда же бир күн ичинде кагазга түшүрүлөт".

Швейцариядагы сүйлөшүүдө Иран ядролук программасын токтотууга көнсө, эл аралык экономикалык санкциялар алып салынат. Лозаннада келишимдин негизи макулдашылса, кортунду келишимге 30-июнда кол коюлат. Бул 12 жылдан берки талашка чекит койот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG