Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Кожомкулов “Майдан” гезити боюнча арызын кайтарып алды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Майдан” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, алар сотко чейин сүйлөшүп, ортодогу маселени талкуулаган соң парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов соттон арызын кайтарып алган.

Алмаз Кожомкулов да гезиттин редактору менен келишкенин, маалыматтарды такташканын белгиледи. Ал арызды кайтаруу себеби тууралуу азырынча комментарий бербей турганын кошумчалады. Мындан улам бүгүнкүгө белгиленген сот жараяны болбой калды.

Парламенттин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов өткөн жылдын аягында “Майдан” гезитин Жогорку Кеңештин бюджетине байланыштуу жалган маалымат берди деп айыптап, басылманы сотко берген. “Майдан” гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов гезитке басылган “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу сурамжылоодо Алмаз Кожомкулов туурасында сөз болбогонун, сурамжылоого катышкандар спикердин жумушуна баа беришкенин билдирген. Башкы редактор муну спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу экенин божомолдоп жатканын белгилеген болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG