Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

АI: 2014-жылы дүйнөдө өлүм жазасына тартуу 25% көбөйдү


Эл аралык мунапыс уюму (АI) 2014-жылы дүйнөдө өлүм жазасына тартуу 25% көбөйгөнүн билдирди. Баш кеңсеси Лондондо орношкон уюм 1-апрелде жарыялаган докладда катаал жазага тартууну көбөйүүсүнө кылмыштуулук, терроризм жана ички тополоңдорго каршы күрөшүү үчүн улуттук өкмөттөрдүн айоосуз чараларга баруусу түрткү бергени айтылат. 2013-жылы 57 өлкөдө 1925 адам, 2014-жылы 55 өлкөдө 2466 адам өлүм жазасына тартылган. Бирок катаал өкүмдү жүзөгө ашыруу 22% жакын төмөндөгөн.

Бейөкмөт уюмдун маалымдашынча, Иран, Сауд Арабия жана Иракка Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка регионунда өлүм жазасына тартылган адамдардын 90% туура келет. Экс-советтик мейкиндикте жалгыз Беларуста өлүм жазасына мораторий жарыяланган эмес. Былтыр өлкөдө кеми 3 адамдын берегидей өкүмү аткарылган.

XS
SM
MD
LG