Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Шайлоодо ID-паспортун гана пайдалануу нормасы жактырылды


Жогорку Кеңеш президенттик жана парламенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар шайлоого бир гана ID-паспорту менен катыша алат. Мындан тышкары шайлоочулардын тизмеси кагаз жана электрондук вариантында түзүлөт. Тизмеге биометрикалык маалыматын тапшырган гана жарандар кирет. Шайлоодо маркировканы колдонуу нормасы жокко чыгарылат.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргеликте шайлоочуларды электрондук тизмеден аныктап, аларды кагаз тизмеде каттайт жана шайлоочулардын добуш берүү процессине көзөмөл кылат.

Участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы кечки саат 8ге чейин узартылат. Азыркы мыйзамдан мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө уруксат берген норма алынат.

Мекемеден сырткары жерде добуш берүү - жарандардын шайлоо комиссиясына шайлоого чейинки 3 күндөн кем эмес убакыт аралыгында жолдонгон кат түрүндө кайрылуусунун негизинде ишке ашырылат.

Мекемеден сырт жерде добуш берүү укугу ден соолугуна байланыштуу же майыптыгы бар, ошол күнү ооруканада жаткан, кылмышка шектелип убактылуу кармоо жайында жаткан, алыскы аймактарда убактылуу жашап жаткан жарандарга берилет.

Буга кошумча шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо күнү аскер бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери да шайлоо мекемесинен сырткары жерде добуш бере алышат.

Бюллетендердин санын автоматтык түрдө санаган кутулардан маалымат алынган соң аларды кайра кол менен саноо жүргүзүлөт.

Ушул өзгөртүүлөргө бүгүн 102 депутат макул деп добуш берди, 7 депутат каршы болду. Добуш берүүгө 109 депутат катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG