Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Беларус Анапияевдин өлүмүн иликтөөнү Кыргызстанда да жүргүзөт


Маркум Алманбет Анапияев
Маркум Алманбет Анапияев

Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүү максатында Беларус күч органдарынын кызматкерлери Кыргызстанга келет. Бул үчүн Минск кыргыз Ички иштер министрлигине кат жолдогон. Министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, эл аралык макулдашуулардын негизинде кыргыз тарап буга макулдугун берди. Бирок азырынча Беларустан эч ким келе элек.

Осмонбаевдин айтымында, Беларус тергөөчүлөрү кимди суракка алары жана иликтөө иштерин кантип жүргүзөрү Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө болот.

Кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияевди быйыл февраль айында Минск шаарында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG