Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

3-апрелге белгиленген жыйынга Армения, Беларус, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Украина жана Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышат. Кыргыз Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, жолугушууда 15 маселе боюнча кызматташтык талкууланат:

- Маданий-гуманитардык, коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана чек ара көйгөйлөрүн жоюу боюнча маселелер каралат. Анын жыйынтыгы менен биргелешкен документ кабыл алынат,- дейт Сыдыков.

Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны жыл сайын ар кайсы мамлекеттерде уюштурулат.(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG