Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Араванда каналга түшүп кеткен унаадагылар табылбай жатат


Араван районун Нурабад айыл аймагынан өткөн Фергана каналына 1-апрель күнү кечки саат 21:30 чамасында 02106Т номурлуу “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Машиненин ичинде канча адам болгону анык эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Унаа түнкү саат 11лерде жергиликтүү тургундардын күчү менен суудан чыгарылган. Бирок ичинде эч ким болгон эмес. Издөө иштеринен майнап чыккан жок.

Машине Лангар айылынын 60 жаштагы тургуну Тороевге таандык экени айтылууда. Тороев өзү да дайынсыз.

Бүгүн аталган министрликтин тогуз куткаруучусу издөө жүргүзүү үчүн Араванга кетти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG