Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Депутаттар кардан зыян тарткан дыйкандарга тынчсызданууда


Парламенттин жыйынында депутат Мирлан Бакиров соңку күндөрү жааган кардан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында дыйкандар зыян тартып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул аймактарда эрте гүлдөгөн өрүк, алчаны үшүк алып, капуста, бадыраң, помидордун жаңы олтургузулган көчөттөрү кар астында калды. Ага кошумча дыйкандар жеңилдетилген насыяларды ала албай жатат.

Депутат Кенжебек Бокоев аймактарда кардан улам тоют маселеси жаралып, бул күндөрү 150 сомдук чөптүн баасы 250 сомго чыкканын айтты. Депутаттар бул маселеге кайдыгер карап жатат деп Айыл чарба министрлигин сындап, азыркы абалды жөнгөрүү боюнча атайын штаб же комиссия түзүүнү сунуштады.

Кыргызстандын аймагында 29-марттан тарта кар жаап, үшүк жүрүп жатат. Синоптиктердин маалыматында, жаз айындагы мындай суук аба ырайы 1978-жылы катталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG