Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Олимпиадага даярдоо борборунун директору катуу сабалды


Бул маалыматты оор атлетика боюнча өспүрүмдөрдүн адистештирилген Олимпиадалык резерв мектебинин директору Улан Молдодосов тастыктады. Анын айтымында, Үсөн Майназаровго эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов кайым айтышуудан кийин кол көтөргөн. Ушул тапта Майназаровдун абалы оор жана сүйлөй албай жатканы айтылууда.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартып, бул окуя Майназаров экөөнүн жеке иши экенин айтты.

Спорт өкүлдөрүнүн ортосундагы чырдын себебин учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде түзүлгөн комиссия иликтеп жаткандыгын мекеменин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Үсөнкан Майназаров 2014-жылдын 20-ноябрында Олимпиадага даярдоо борборунун директору болуп дайындалган. Буга чейин бул кызматта Назирдин Акылбеков иштеп келген. Ал жетекчи болгон эки жарым жыл аралыгында аткарган ишинде спортчуларга бөлүнгөн акчаны максатсыз сарптоого жол берген деген негиз менен жумуштан бошотулган эле.(ECh\AzK)

XS
SM
MD
LG