Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Саясий партиялардын сапатын көтөрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда


"Ата-Журт" партиясын колдогондордун митинги. Ош, 2-декабрь, 2013.

"Ата-Журт" партиясын колдогондордун митинги. Ош, 2-декабрь, 2013.

Юстиция министрлиги “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, азыркы мыйзамда партиялар 10 кишиден түзүлсө, эми алардын санын 120га жеткирүү каралган. Мындан тышкары саясий партиялар өздөрүнүн каржылык булактары тууралуу ар бир эки жылда коомчулукка ачык отчет берип турушу керек. Саясий партиялардын өлкө сыртынан жеке адамдар жана уюмдар тарабынан каржылануусуна тыюу салынат. Эгер партиялардын сырттан алган каржылык колдоосу мыйзамсыз экени аныкталса, ал каражат мамлекеттик бюджетке чегерилет. Ошондой эле диний, тартип коргоо, аскерий уюмдар тарабынан жана кайрымдуулук иретинде берилген каражаттарды алууга да тыюу салынат. Партиялардын банктан алган насыяларын каржылык булак катары көрсөтүүгө уруксат берген азыркы норма жоюлат.

Министрлик мыйзам долбоору өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилөөдө.

Мыйзам долбоорду парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети колдоду.

Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200гө жакын саясий партия бар. (AzK\KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG