Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Мурдагы муфтий Казакстанда кармалганы кабарланууда


Рахматулла Эгембердиев айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012

Рахматулла Эгембердиев айт намазында. Бишкек, 26-октябрь, 2012

Түштүк-Казакстан облустук сотунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны, мурдагы муфтий Рахматулло Эгембердиевди убактылуу кармоо чечимин Сары-Агаш райондук соту чыгарган. Аталган сайтта 38 жаштагы Эгембердиев Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 213-беренеси боюнча (ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качуу) айыпталып жатканы жазылган.

Кармалган мурдагы муфтий өз өлкөсүнөн качууга аргасыз болгонун жана Казакстандан башпаанек суроо ниети бар экендигин билдирген.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулло Эгембердиев өткөн жылдын башында интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткендигине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Анда Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисине түспөлдөш адамдын жаш аял менен интимдик мамилеси жашыруун тартылган. Рахматулло Эгембердиев кызматтан кетишин учурунда президенттин атын жамынган айрым адамдардын ар кандай кысымы менен түшүндүргөн эле. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG