Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

"Бир дүйнө Кыргызстандын" адвокаттары прокуратурага кайрылды


“Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ Ошто УКМКга суракка чакыртылган кыймылдын адвокаттары Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитов тергөөчүлөр менен чогуу алардын кеңсесинен алынган диск, материалдарды карап чыгышкан. УКМКнын кызматкерлери алардын ичинде диний материалдар бар экендигин айтышкан. Адвокаттар УКМКнын тергөөчүлөрүнө ишенбөөчүлүк билдирип, Ош облустук прокуратурасына кайрылышты. Алар кеңседен тинтүү маалында алынган бардык материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берүүнү жана тергөөнү прокуратура жүргүзүшүн суранып жатышат.

27-мартта атайын кызмат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жумушка байланыштуу документтерди, компьютерлерди, маалыматтар сакталган флешкаларды алып кетишкен. УКМК кыймылдын кеңсесиндеги тинтүүнү Ош шаарында кармалган АКШ жараны Умар Фарукка байланыштырып, ал тиешелүү уруксат албастан облустагы диний кырдаал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген.

Кыймылдын өкүлдөрү тинтүүгө уруксат берген соттун чечимин жана УКМКнын алардын материалдарын толугу менен алып кетишин мыйзамсыз деп жатышат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG