Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Кенияда куралчандар коллежге кол салды


Кенияда куралчандар коллежге кол салышты, курмандыктардын көп экени болжолдонууда. Чыгыш Африкадагы бул өлкөдө кампуска беткап кийген куралчандар кол салып, кеминде эки кишини өлтүргөнү, жарадарлар 30 чакты экендиги кабарланды. Сомали менен чек арага жакын жердеги Гарисса университеттик коллежин коопсуздук күчтөрү курчоого алды. Кире бериште турган эки кароолдун окко учкандыгы бышыкталды. Куралчандар кампусту туш келди аткылап жаткандыктан, курмандыктардын саны мындан алда канча көп экени болжолдонууда. Кениянын Кызыл Чырым уюму куралчандар студенттерди барымтага алып тургандыгын билдирди. Кол салгандар ким экени белгисиз, бирок ал диний-экстремисттик ал-Шабааб тобунун чабуулдарына окшош экендиги байкалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG