Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

УКМКнын басма сөз кызматынын “Азаттыкка” кабарлашкандай, Казакстанда кармалган Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулло Эгембердиевге 2013-жылы салыктан качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Иш териштирилип сотко өткөн соң, Эгембердиев бир нече жолку соттук отурумдарга келген эмес. Кийин ага эл аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы азырынча аларга мурдагы муфтийдин кармалышы туурасында расмий кат келбегендигин, эгер кат келсе анда аны экстрадициялоо маселеси караларын билдирди.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Казакстандын аймагында убактылуу камакка алынганы тууралуу маалымат Түштүк-Казакстан облустук сотунун расмий сайтында жарыяланган. Кармалган мурдагы муфтий өз өлкөсүнөн качууга аргасыз болгонун жана Казакстандан башпаанек суроо ниети бар экендигин билдирген.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи өткөн жылдын башында Интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткендигине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Анда Мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисине түспөлдөш адамдын жаш аял менен интимдик мамилеси жашыруун тартылган. Рахматулла ажы кызматтан кетишин президенттин атын жамынган айырм адамдардын ар кандай кысымы менен түшүндүргөн эле. (AzK\SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG