Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Депутаттар чек аралаш аймактарда эл калбай баратканын билдирүүдө


Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын билдиришинче, региондордогу чек аралаш аймактарда жерлерди трансформациялоо маселеси ачык бойдон калууда. Араван районундагы Өзбекстан менен үч тараптан чектеш Тепе-Коргон айылынын 20,5 гектар жер аянтын трасформациялоо үчүн тиешелүү документтер, каттар менен 2014-жылы өкмөткө берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Жарандар мыйзамдуу түрдө турак-жай салуу үчүн жер тилкеси менен камсыз болбогондуктан башка жактардан жер издеп, көчүүгө аргасыз болууда.

Депутат мындай көйгөй менен кайрылгандар көп болуп жатканын эскертип, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды. (AzK\KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG