“Айкөл Алатоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 7-апрель ыңкылабынан бери беш жыл аралыгында оор жараат алгандардын ичинен 25 киши каза тапты. Бүгүнкү күндө алардын ичинде дагы оор операцияга муктаж болгондор бар.
2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. 300дөн ашык адамдар ар кандай деңгээлде жараат алган.(AzK\UEz)