Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Эки жашар баланын кордолушу боюнча сот башталды


Жогорку Соттун басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, эки жашар Ибрагимди урду деп шектелген Чүйдүн Озерное айылынын тургундарынын ишин Аламүдүн райондук соту карай баштады. Кылмышка шектүү үй-бүлө мүчөлөрү 2 жашар баланын жакын туугандары. Сот жараяны 8-апрелде уланат.

11-январда 2 жашар Ибрагим борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалып жана зордукталып түшкөн. Ал дале ооруканада эс-учун билбей жатканы кабарланууда.

Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын агасы жана анын аялы кармалып, эки айга камакка алынган. Тергөөдө Ибрагимдин атасы дааватка кетип баратканына байланыштуу наристени агасыныкына убактылуу калтырганы, ал эми аялы менен ажырашып кеткени маалым болгон.

Ибрагимдин атасы баланы карабагандыгы үчүн 2 жылга жатак абагына кесилген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG