Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19
Биздин тарых

Ооруктун эмгекчилери көтөргөн жүк

Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.

Фронттогу жоокерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда ооруктун эмгекчилери зор эмгектерди жасашкан. "Азаттык" Кыргызстандын борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган 1941-1945-жылдардагы ооруктун эмгекчилеринин сүрөттөрүн сунуштайт.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Эмилбек Чекиров

2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG