Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Йеменден Кыргызстандын үч жараны чыгарылды


Йемендин баш калаасы Сана шаары, 30-март, 2015.
Йемендин баш калаасы Сана шаары, 30-март, 2015.

2-апрелде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Йеменден 300дөй орусиялык жаранды эки учак менен чыгарып келди. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кабарлаган. "Азыр биздин консул барып, маалыматты тактап, жарандардын өздүгүн аныктап, кыргызстандыктар болсо элчиликке алып келишет" - деди “Азаттыкка” элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева.

Расмий маалымат боюнча Йеменде 16 кыргыз жараны бар. Бейрасмий кабарларда алар болжол менен 50дөй экени айтылат. Көбү келишим менен иштеген медицина кызматкерлери.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Йеменде кандуу окуялар курчугандан кийин ыкчам байланыш уюштуруп, жумушчу топ түзгөнүн, ал жактагы кыргыз атуулдардын чыгарып кетүү аракетин көрө баштаганын билдирген.

Учурда Йеменде өлкөнүн басымдуу бөлүгүн өз карамагына алган шийит козголоңчулары менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда айыгышкан кагылышуу жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG