Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин талкуулайт


Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 2014-жылы тармакта аткарылган иштер тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясында баяндама жасайт. Ошондой эле вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева кыргыз медицинасындагы абалды айтып берет.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга каржы министри Ольга Лаврова да чакырылган. Ал тармакка бөлүнгөн каражат тууралуу маалымат берет.

Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү да ооруканалардагы абалга жүргүзгөн байкоолорун ортого салат. Эсептөө палатасы менен Монополияга каршы мамлекеттик агенттик медициналык мекемелердеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгын айтып беришет. (SE)

XS
SM
MD
LG