Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:10

Улуттук банктын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта Кыргызстанда миңдей акча алмаштыруучу жай болсо, алардын үч жүзү эле лицензияга ээ.

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайлар лицензия алып иштеши үчүн акча жүгүртүү капиталынын көлөмү 1 миллион сом болушу керек. Мындан улам жакында акча алмаштыруучу жайлар Улуттук банкка бул капиталдын көлөмүн 500 миң сомго түшүрүү сунушун беришкен. Алар мындай шартта акча алмаштыруу жайлары көлөкөдөн чыгып, лицензия алууга кызыкдар болорун билдирген. Улуттук банк бул сунушту кабыл алып, 3 ай мөөнөттө акча жүгүртүү капиталынын көлөмүн 500 миң сом өлчөмүндө бекиткен жобону кабыл алды.

Бул убакыт аралыгында банк акча алмаштыруу жайлардын иш-аракетине анализ жасайт. Жыйынтыгында бул жобону кайра өзгөртүү же ошол бойдон калтыруу маселеси каралат. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG