Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Мурдагы муфтийди Казакстанга качырган себептер


26-октябрь, 2012-жыл, Айт майрамы
26-октябрь, 2012-жыл, Айт майрамы

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла Эгембердиев Казакстанда кармалды. Айрымдар Рахматулла ажы Эгембердиевдин чет жерде качып жүрүшүн анын өмүрүнө болгон коркунуч менен байланыштырууда.

Өткөн апта Казакстандын түштүгүндө Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла Эгембердиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Сарыагаш райондук сотунун судьясы Берик Каипов 2-апрелде билдирди. Казакстандын күч органдары Эгембердиевди Кыргызстандын өтүнүчү боюнча кармаганын маалым кылган.

Рахматулла Эгембердиевге 2012-жылы муфтий болуп шайланар алдында ажылыктан түшкөн каражаттын салыгына жана Соцфонд төлөмүнө байланыштуу айып тагылган. Ушундай эле кылмыш иши ошол мезгилде муфтийликтен баш тарткан Чубак ажы Жалиловго да карата козголгон. Экс-муфтийлердин экөөнөн тең эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынган болчу.

Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы Эгембердиевге 2013-жылкы сот жараяндарына келбей койгондугу боюнча бир жыл өткөн соң гана эл аралык издөө жарыялаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан “Азаттыкка” азырынча аларга мурдагы муфтийдин кармалышы туурасында расмий кат келбегенин, эгер кат келсе, анда аны экстрадициялоо маселеси караларын билдирди.

Карызды берсе да айып кечирилбейби?

Деген менен муфтият уюштурган ажылык сапарлардан мамлекетке түшчү салык карызынан кечүү тууралуу токтом былтыр март айында Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, президент кол койгон. Чубак ажы Жалилов айып жалпы муфтияттын ишине байланыштуу тагылганын, бул мыйзам калпыстыгы экени далилденгенин айтты.

Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

- Муфтиятка козголгон иш анын жетекчиси болгонубуз үчүн биздин атыбызга козголгон. Салык боюнча маселе былтыр март айында парламент колдоп берип, ага президент кол коюп, мыйзам күчүнө кирип, ал карыздан кутулганбыз. Ал эми Соцфонддун төлөмү боюнча жакында Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Бирок президенттин кол коюусун күтүп турат. Эгер кол коюлса, бул карыздан да кутулабыз. Бул жерде уурдап кетти деген сөз жок. Болгону мыйзамдагы кемчиликке түзөтүү киргизилип, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары демилге көтөрүп, аягында токсон депутат колдоп берди.

Эгер айып жеңилдетилип жатса, Рахматулла ажы Эгембердиев эмнеден коркуп, кимден жашынып жүргөндүгү суроо жаратууда.

Ажылык сапардын азабы

«Акылман аксакалдар кеңеши» уюшмасынын мүчөсү Жыпарбек Тойчубеков муфтияттын иши боюнча бир топ жылдан бери жеке иликтөөсүн жүргүзүп келет. Анын айтымында, бул кылмыш иштеринин артында айрым бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын ажылыктан кымырып алган акчасынын дайыны чыгып калуу коркунучу турат. Андыктан “тил албаган” Рахматулла ажы Эгембердиев куугунтук жеген.

- Экөөнүн тең беренелери бирдей болсо, эмне үчүн буга чейин кылмыш иши козголгон Чубак ажы Жалиловдун иши азыркы күнгө чейин чечилбей келет? Жалиловдун колдоочулары парламентте да отурат. Ал эми Рахматулла Эгембердиевде ажылык сапардан түшчү салык боюнча жана аны жашырынып видеого тарткан адамдар тууралуу көп маалымат бар. Ал адамдардын бири азыр элчи, экинчиси дагы башка кызматтарга которулуп кетти. Акыйкат иш жүрүп кетсе, көп адамдардын үстүнөн иш козголушу мүмкүн. Ошондуктан эгер Эгембердиев Кыргызстанга келсе, биз ашкере болуп калабыз деген адамдар куугунтук жүргүзүп жатат.

Ажылык сапар чуу менен коштолуп келет
Ажылык сапар чуу менен коштолуп келет

Рахматулла Эгембердиев муфтий болуп турганда ажылык сапардын акчасын арзандатуу демилгеси да колдоо тапкан эмес.

Учурда Түштүк-Казакстан облусунда убактылуу кармоочу жайда отурган мурдагы муфтий өз өлкөсүнөн качууга аргасыз болгонун жана Казакстандан башпаанек суроо ниети бар экендигин билдирген.

Эгембердиев өткөн жылдын башында интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткендигине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. Видеого Рахматулла ажыга түспөлдөш адамдын жаш аял менен интимдик мамилеси жашыруун тартылган.

Ошол кезде Рахматулла Эгембердиев кызматтан кетишин учурунда президенттин атын жамынган айрым адамдардын ар кандай кысымы менен түшүндүргөн эле.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG