Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Фергана каналына түшүп кеткен айдоочунун сөөгү Өзбекстандан табылды


Бүгүн эртең мененки тогуздар чамасында Араван районундагы Нур-Абад айыл аймагынын башчысы Аврорбек Юсупов эки күндөн бери табылбай жаткан Жумабай Төрөевдин сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылганын ӨКМдин Ош облустук башкармалыгына билдирген.

1-апрелдин кечинде, болжол менен саат 21:30-22:00 чамаларында Фергана каналынын Нур-Абад айылынан өткөн бөлүгүнө Хонда-Жаз жеңил унаасы түшүп кеткен. Унаа аталган айылдын тургуну, 1955-жылы туулган Жумабай Төрөевге таандык болгон. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен эртеси күнү унааны каналдан чыгарышканда, ичинде адамдар жок болгон. Унаада канча адам болгону белгисиз. Жергиликтүү тургундардын издөө иштеринен натыйжа болбогондугуна байланыштуу ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 адамдан турган куткаруучулар тобу аталган жерге чыгышып, издөө иштерине киришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG