Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

"Азаттыктын" кабарчысы чек ара көйгөйлөрүн чагылдыруу сынагынын жеңүүчүсү болду


«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен Баткен облусундагы чек аралаш аймактарда достук жана ынтымакты бекмедөө максатында жыл башында сынак жарыялаган.

Долбоордун алкагында Баткен облусунун кошуна өлкөлөр менен чек ара көйгөйлөрүн бейтарап чагылдыруу жана кызматташтыкты чагылдыруу каралган. Сынакка жалпысынан 26 журналисттен 160 материал сунушталган.

Жыйынтык чыгарылып, чек арадагы элдин кызматташуусунун жакшы мисалдарын чагылдырганы үчүн "Азаттык" радиосунун Баткен облусундагы кабарчысы 1-орунга татыктуу деп табылып, баалуу белек жана диплом менен сыйланды. Жеңүүчүлөрдү Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Рене Холенштейн куттуктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG