Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Балыкчыдагы эстеликтердин сапаты сындалууда


Балыкчы шаарындагы эстелик

Балыкчы шаарындагы эстелик

Балыкчы шаарында апрель баатырларына жана манасчы Саякбай Каралаевге коюлган эстеликтердин сапаты жергиликтүү элди канааттандырбай жатканын шаардык кеңештин төрага орун басары Марат Акатов “Азаттыкка” билдирди.

Акатовдун айтымында, шаардык мэрия апрель баатырларынын эстелигине 1 миллион, ал эми Саякбай Каралаевдин айкелине 3,5 миллион сом бөлгөн. Бирок жергиликтүү тургундар жалдаган көз карандысыз эксперттик комиссия эстеликтерге бул каражаттардын жарым-жартылайы гана пайдаланылган деген корутунду чыгарган. Анда эстеликтерге арзан кафель, металлдар колдонулганы айтылат.

Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев эстеликтерди куруу мурдагы жетекчилердин учурунда башталып, курулуш компанияларына тендер ошол учурда өткөрүлүп, тандалып алынганын билдирди. Шаардык кеңештин депутаттары бул иш боюнча прокуратурага арыз даярдап жатышат. (Asa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG