Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Ооганстанда жанкечти демонстрация маалында бомба жардырды


Набыт болгон адамдын жанкечти бомба жардырган жерде калган бут кийими. Хост. 2-апрель 2015
Набыт болгон адамдын жанкечти бомба жардырган жерде калган бут кийими. Хост. 2-апрель 2015

Ооганстандын чыгышында жанкечтинин бомба чабуулунан 17 киши өлдү, 40тан көп адам жабыр тартты. Хост шаарындагы чабуулда жараат алгандардын арасында улуттук парламенттин коргонуу комитетинин башчысы Хумайон Хумайон да бар. Жардыруу Хост провинциясынын губернаторуна каршы калың эл катышкан демонстрация маалында жарылган.

Ооганстандын түштүгүндө коопсуздук күчтөрү менен талиптер ортосунда болгон кагылышта райондук полициянын акими окко учканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG