Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Аманбаеванын иши боюнча сот 21-апрелде уланат


Урмат Аманбаева "Азаттыкта", 20-январь, 2012

Урмат Аманбаева "Азаттыкта", 20-январь, 2012

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, мурдагы депутат Урмат Аманбаеванын иши боюнча бүгүн сот отуруму болду. Анда бул иш боюнча өтүп жаткан эки соттолуучунун жаңы дайындалган адвокаты сот отурумуна биринчи жолу гана катышып жатканын айтып, соттон иш менен таанышып чыгууга 2 жума убакыт берүүсүн өтүнгөн. Айыпталуучулар Улан Асанов менен Фарида Шамшиеванын мурдагы адвокаты Ошто болгондуктан алар Бишкектен жаңы адвокат жалдашкан.

Прокуратуранын өкүлү муну сот жараянын созуу аракети катары баалап, материалдар менен таанышуу убактысын кыскартууну өтүнгөн. Октябрь райондук соту тараптарды уккан соң сот отурумун 21-апрелге жылдырды.

Өткөн жылдын 26-декабрында Урмат Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура аны депутаттык мандаттан ажыратууну БШКдан өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы 2015-жылдын 14-январында Аманбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Урмат Аманбаева Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзүп, өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда. Аманбаева өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG