Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Биометрикалык маалымат тапшырбагандардын укугу талкууланып жатат


Бул туурасында шайлоо мыйзамдарына байланыштуу уюштурулган тегерек столдо айтылды. Талдоочу Тамерлан Ибраимов биометрикалык каттоодон өтпөгөндөрдү шайлоодо добуш берүү укугунан ажыратуу аракетин туура эмес кадам катары баалады. Эгер биометрикалык каттоодон баары өтпөсө же мындай каттоодон өтпөй калгандардын саны аз болгон күндө да бул маселе боюнча мамлекетке дооматтар көп болушу мүмкүн.

Укук коргоочу Чолпон Жакупова биометрикалык маалыматын тапшыргандар гана добуш бере алат деген норманын Конституцияга каршы келерин белгилеп, бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Конституциялык палатага кайрылуулар болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Ал ошондой эле биометрикалык каттоодон өздүгүн аныктоочу документи бар адамдар гана өтө аларын айтып, ички мигранттардын арасында мындай документи жок жарандардын укугу үчүн тынчсыздануусун билдирди.

Шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоочулардын тизмеси кагаз жана электрондук вариантында түзүлүп, ага биометрикалык маалыматын тапшырган гана жарандар киргизилет. Ушул жана башка бир катар өзгөртүүлөр парламенттин 1-апрелдеги жыйынында экинчи окууда жактырылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG