Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстанда быйыл 100 жайлоо бала бакчасы ачылат


Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 35 жайлоо бала бакча иштеп, 800дөн ашуун балага билим берилген.
Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 35 жайлоо бала бакча иштеп, 800дөн ашуун балага билим берилген.

Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева 3-апрелде Жалал-Абад облусунда жайлоо комитеттери менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Анын белгилешинче, быйыл бул аймакка 10, ал эми жалпысынан Кыргызстан боюнча 100 жайлоо бала бакча ачуу пландалууда. Комитеттер боз үйлөрдү уюштурса, окуу куралдары жагынан “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду көмөк көрсөтөт.

“Балдар 3 сааттык окуулар аркылуу мектепке барганга чейин тамга таанып, окуганды жана санаганды билип калышы керек”, - деди Отунбаева.

Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 35 жайлоо бала бакча иштеп, 800дөн ашуун балага билим берилген. Иш-чаралар аталган фонддун "Жайлоо бала бакчалары" долбоорунун алкагында ишке ашууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG