Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

“Таза Бишкек” акциясы өтүүдө


Бүгүн Бишкекте жаштардын жана балдардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган “Глобалдуу ойлонуп – аракет жаса” деген долбоордун алкагында “ТазаБиш” акциясы өтүүдө.

Анын алкагында Жаштар гүлбагынын тегереги таштандылардан тазаланмакчы. Ага шаардагы экологиялык уюмдардын, кыймылдардын өкүлдөрү, студенттер жана өз ыктыяры менен келген шаар тургундары болуп 100дөй киши катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш-чараны уюштурган “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун өкүлү Мария Колесникова билдирди.

Акция 25-26-апрелге белгиленген Экологиялык фестивалды утурлап өтүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG