Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Бүгүн Бишкекте балдарды эмдөөнүн оң жана терс жактары ата-энелер, балдар дарыгерлери менен бирге талкууга алынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Камкор ата-энелер” клубунун өкүлү Асел Абыкеева кабарлады. Мында ата-энелер эмдөө боюнча тиешелүү жоопторду дарыгерлердин өздөрүнөн угуп, такташат. Ошондой эле балдардын саламаттыгы боюнча кеп-кеңештер айтылат.

16-марттан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 1 жаштан 20 жашка чейинкилер үчүн кызылча жана кызамык ооруларына каршы жапырт эмдөө башталган. Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калиловдун буга чейин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, эмдөөдөнүн ар кайсы түрүнөн баш тарткандардын саны 4 миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгү диний көз караштан улам ушундай чечим кабыл алганын айтышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG