Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кениядагы кол салууга байланыштуу беш киши камалды


Бул тууралуу Кениянын Ички иштер министрлигине шилтеме кылып CNN телеканалы кабарлады. Кармалгандардын бирөө Танзаниянын жараны экени айтылууда.

2-апрель күнү Кениянын Гарисса шаарындагы университет кампусуна “ал-Шабааб” экстремисттик тобунун согушкерлери чабуул коюп, 147 адам өлтүрүлгөн. Сексенден ашуун киши жарадар болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Кениянын чалгындоо кызматы чабуул тууралуу мурда эле кабардар болгонун, ошого карабай университетти эки полиция кызматкери гана коргоп турганын жазышты. Чабуулга дуушар болгон окуу жай убактылуу жабылды.

“ал-Шабааб” тобу “ал-Каида” уюмунун бир канаты. (КE)

XS
SM
MD
LG