Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Ниязалиева: туугандар арасында үйлөнгөндөр көбөйдү


Бул тууралуу вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушкан учурда билдирди.

Мокуо балдарга карата зоордук-зомбулук көп учурда жакырчылыкка байланыштуу болору жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө катталарын белгилеген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда балдардын майып болуусунун алдын алуу үчүн эртелей оорусун аныктоо маселеси да көтөрүлдү. Ниязалиева туугандар арасында үйлөнгөн учурлар көбөйгөнүн белгилеп, мындай никелер кандай тобокелдерди алып келиши мүмкүн экенин элге түшүндүрүү зарылдыгын айтты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG