Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Кубанын экс-президенти Фидел Кастро элге көрүндү


Кубанын мурдагы президенти Фидел Кастро бир жылдан ашуун убактан бери эл алдына кайра чыкты. Ал Кубадагы мектептердин биринде Гаванага сапарга келген Венесуэла өкмөт өкүлдөрү менен жолугушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары экс-президент кайраттуу, тың экенин жазышты.

Кубадагы коммунисттик революциянын лидери Фидел Кастро Кубаны 49 жыл бою башкарып келди. 2006-жылы бийликти иниси Раулга өткөрүп бергенден кийин саламаттыгы начарлаган Кастро эл алдына көп чыкпай калган. Бирок көптөрү анын саясатка таасири дагы деле күчтүү деп санашат. Маалымат каражаттары анын 14 ай эл алдына чыкпаганын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG