Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

"Америкалык ырлар" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн "Америкалык ырлар" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. “Соло” номинациясы боюнча биринчи орунду Бишкектеги 13-мектептин окуучусу Аида Ясынова алды. Экинчи орунга Талас облусундагы Жанузаков атындагы мектептен келген Каныкей Иманалиева жана Бишкектин 24-мектебинин окуучусу Мейликан Темирова татыктуу болушту. Үчүнчү орун Алина Волчкова, Алена Приходько жана Алим Бахриддиновго берилди. Ал эми “Ансамбль” номинациясы боюнча биринчи орун Чүйдөн келген окуучуларга, экинчи, үчүнчү орундар бишкектик окуучуларга ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун координатору Ольга Копылова кабарлады.

Аталган сынак 4-апрелде, Бишкекте Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз-драм театрында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Ыр аркылуу тилди үйрөтүү максатында уюштурулган сынакка Талас, Чүй, Ош жана Бишкек шаарлары болуп 46 мектептин окуучулары катышты. Ал “Сан Пилл фонду”, Америкалык музыка борбору, Англис тили мугалимдеринин бирлиги тарабынан уюштурулду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG