Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Шакиров: Алтын казып алуу көлөмү 48 тоннага кыскарат


“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров алтындын кору кыскартылганга байланыштуу канадалыктар менен келишимдин экономикалык жагын кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыкканын “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, тоо-кен иштери боюнча жаңы план чыгып, ал жерде алтын өндүрүү кыскарган. Маалыматка ылайык, буга чейин “Центерра” Кумтөрдө 240 тонна алтын казып алууну пландаштырып келсе, жаңы иш планында анын көлөмү 48 тоннага азайтылган.

Кумтөр алтын кенин 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Centerra Gold Inc ишканасынан келген делегация менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кезектеги сүйлөшүү марттын соңунда Бишкекте өттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG