Линктер

logo-print
шаршемби, 30-ноябрь, 2016 Бишкек убактысы 21:42

“Карылар үчүн дене тарбия” флеш-мобу өтөт


Эл аралык Helpage кайрымдуулук уюму жана Кызыл жарым ай коомунун демилгеси менен 6-апрелде Бишкек шаарындагы тарых музейинин алдында саат 10дон 12ге чейин “Карылар үчүн дене тарбия” аттуу флеш-моб өтөт. Ага 120дай кары-картаң катышып, алардын канындагы шекердин өлчөмү, кан басымы текшерилип, дарыгерлик жардам берүү ыкмалары көрсөтүлөт.

Иш-чараны уюштургандар улгайган жаштагы адамдардын кам көрүү үчүн үйлөрүнө барышат.

Бул демилге 7-апрель дүйнөлүк саламаттык күнүнө карата уюштурулууда. Азыр дүйнөдө алтымыш жаштан улуу 868 миллион адам жашайт. 2050-жылга чейин бул сан 2 миллиардга жетери божомолдонууда. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG