Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Кения: пасхада чиркөөлөр катуу коргоого алынды


Кениянын Гарисса шаарындагы университет кампусуна “ал-Шабааб” экстремисттик тобу кол салган окуядан кийин чиркөөлөрдө пасха майрамын белгилөө куралдуу кайтаруу алдында өтүп жатат. Полициянын билдиришинче, борбор калаа Нейроби жана өлкөнүн чыгыш тарабында ири соода борборлорунда, коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

2-апрель күнү Кениянын Гарисса шаарындагы университет кампусуна “ал-Шабааб” экстремисттик тобунун согушкерлери чабуул коюп, 147 адам өлтүрүлгөн. Сексенден ашуун киши жарадар болгон. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү христиан-студенттер.

Бүгүн дүйнөдөгү католиктер жана протестанттар пасха майрамын белгилеп жатышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG