Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Обама: Иранды өзөктүк куралдан баш тарттыруу чоң ийгилик


Келишимдин жоболорун ирандыктар кубануу менен кабыл алышты. 3-апрель, 2015-жыл

Келишимдин жоболорун ирандыктар кубануу менен кабыл алышты. 3-апрель, 2015-жыл

АКШ президенти Барак Обама Иранды өзөктүк курал жасоодон баш тарттырууга жетишүү – “жашоодо бир болуучу” ири ийгилик деп сыпаттады. Ал бул тууралуу The New York Times басылмасына 5-апрелде курган маегинде айтты.

Өткөн аптада Швейцариянын Лозанна шаарында Ирандын өзөктүк аракетине байланыштуу сегиз күн бою сүйлөшүү жүрүп, натыйжада АКШ баштаган алты батыш өлкөсү жана расмий Тегерандын өкүлдөрү келишимге жетишкен. Ага ылайык, Иран бара-бара ядролук программасын кыскартып, ал эми АКШ, Европа биримдиги жана Улуттар уюму ирандыктардын жашоосун оорлоткон экономикалык санкцияларды акырындап жойууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG