Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

2010-жылдагы Апрель төңкөрүлүшүнүн айрым катышуучулары Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Апрель ыңкылабынын баатыры Таалай Айдаров бүгүн билдирди. Алар соңку кездери коомчулукта резонанс жараткан окуяларга өкмөт көңүл бурбаганына нааразы болуп жатышат.

- Эшек этине байланыштуу чууга жетишерлик көңүл бурулган жок. Окуу жайлардагы паракорлук фактыларын журналисттер ачыкка чыгарса да, маани беришпей жатат. Кумтөр маселеси чечилбей турат. Бул маселелерди бир жаңсыл кыла албаган өкмөт кетиши керек, - дейт Айдаров.

Апрель төңкөрүшүнүн үч мүчөсү бүгүн жогорудагы темада Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын курмакчы.

Өкмөт өкүлдөрү азырынча бул боюнча комментарий бере элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG