Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Жалал-Абадда жаштардын жөө жүрүшү өттү


7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата бүгүн Жалал-Абад шаарында жаштардын жөө жүрүшү болду. Бул тууралуу аны уюштурган облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Ден-соолукту чыңдоо комитетинин адиси Назгүл Назарова билдирди. Акцияда жүздөн ашуун улан-кыз ак халат кийип, саламаттыкты сактоого үндөгөн жазуулар менен калаанын Ленин көчөсүнөн борбордук аянтты көздөй келишти. Аянтта калаа тургундарына оюн-зоок тартууланып, ден-соолукка кам көрүү боюнча адистердин сунуштары айтылды. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG