Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Чыгыш Украинада дагы төрт жоокер окко учту


Донбасстагы согуш жүрүп жаткан аймактын Орусияда жасалган картасы. 4-апрель 2015

Донбасстагы согуш жүрүп жаткан аймактын Орусияда жасалган картасы. 4-апрель 2015

Ички иштер министрлигинин маалымдашынча, аскер автомобили 5-апрелде Счастье шаарчасындагы көпүрөдөн өтүп баратканда ракета тийип, 4 аскер өлгөн. Счастье шаарчасы - жикчилдердин ээлигиндеги Донецк шаарынын 170 км түндүк чыгышында жайгашкан. Украин тарап ракета чабуулу үчүн орусиячыл козголоңчуларды күнөөлөдү. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Жикчилдердин Луганск Элдик Республикасынын маалымдоо борбору алардын аскерлеринин чабуулга тиешеси жок экенин билдирди.

Украин антитеррордук борборунун маалымдашынча, набыт болгон төрт жоокердин баары аскерге Харьков облусунан чакырылган.

XS
SM
MD
LG